Мигранттардын саны 710 миңге жетти

27-Июль 2017, Бейшемби

2017-жылдын 1-июлуна карата чет өлкөдө жүргөн мигранттардын саны 710 миңге жетти. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымына караганда, сыртта жүргөн мигранттардын ичинен негизги бөлүгү Россияда эмгектенет. Учурда Россияда иштеп жүргөн жарандардын саны 616 миңди түзөт. Казакстанда 33 миң, 30 миң жаран Түркияда жана Түштүк Кореяда иштешет. Ошондой эле бир аз бөлүгү Европа АКШ жана Араб өлкөлөрүндө жумуш кылып жүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!