​Кыргызстандыктар "кара тизмеден" чыгарылат

27-Июль 2017, Бейшемби

Кыргызстандык жарандар Россиянын "кара тизмесинен" чыгарылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын аягына чейин 16 миң кыргызстандык жаранды "кара тизмеден" чыгарууга даярдык көрүлүүдө. 2015-жылы "кара тизмеде" 180 миң жаран болгон. Өткөн жылы алардын саны 118 миңге азайган. Ал эми үстүбүздөгү жылы 106 миңге түшкөн.

“Биздин жарандар "кара тизмеге" негизинен болор-болбос тартип бузуулардан эле кирип калып жатышат. "Кара тизмеге" кирип калбаш үчүн эмгектенип жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, ошондо мындай маселелер жаралбайт. Биз башаламан миграциядан мыйзамдуу миграцияга өтмөйүнчө "кара тизме" көйгөйү боло берет. Миграция кызматы Россияда бош жумуш орундары тууралуу маалымат берүүгө даяр, ал эмес ишке орноштурууга да аракет кылууда. Бирок тааныштарынын чакыруусу менен кетишип көпчүлүгү "кара тизмеге" кирип калып жатышат”,-дейт Айдаралиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!