​Мигранттардан 616,19 млн. доллар келген

27-Июль 2017, Бейшемби

Жыл башынан бери эмгек мигранттары Кыргызстанга 616,19 млн. доллар которгон. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы мигранттар тарабына которулган каражат өткөн жылга салыштырмалуу 35 пайызга өскөн. 2016-жылы ушул мезгилде 456,2 млн. доллар которулган.

Эскерте кетсек, учурда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын саны 710 миң адамга жеткен.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!