​АКШдан келген инвестициянын көлөмү жогорулаган

29-Июль 2017, Ишемби

АКШдан Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү жылдын биринчи кварталында 10 эсе өскөн. Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев менен АКШнын Кыргызстандагы өкүлү Шейл Гуолтнинин жолугушуусунда белгилүү болду.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча АКШдан келген инвестициянын көлөмү 12,9 млн. долларды түзгөн. Бул сумма 2016-жылдын биринчи кварталына салыштырганда 9.9 эсе көп болгон.

Ал эми эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 25 пайызга жогорулаган. Жалпы 154 млн. долларлык товар айлануу болгон. Анын ичинен сырткы сооданын көлөмү 81,7 млн. дооларды камтыган, же 24 пайызга өсүү катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!