​Тышкы карыз 24 млн. долларга көбөйдү

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандын тышкы карызы бир айда 24 млн. долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 31-майына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 млрд. 243 млн. 52 миң сомду түздү.

Анын 3 млрд. 868 млн. тышкы карыз, 375 млн. 51 миң сому ички карыз.

Январь-июнь айларында тышкы карызды тейлөө үчүн бюджеттен 10 млрд. 461 млн. 889, 6 миң сом жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!