​12-августан тарта техрегламент күчүнө кирет

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттерине толук түрдө өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов билдирди.

Анын айтымына караганда, Күчүнө кире турган 18 техникалык регламенттин көпчүлүгү тамак-аш продукциясына таандык. Алардын ичинде жеңил өнөр жай, пиротехника, темир жол унаасы жана лифт коопсуздугу боюнча техрегламенттер да бар.

Бүгүнкү күндө ишкерлер коомчулугунун көп бөлүгүнө техникалык регламенттин нормалары тууралуу маалымдалган. Ошондой эле, Кыргызстандын укуктук базасы экономикалык союздун талаптарына ылайык келтирилген. Техрегламент күчүнө кирген соң, товарлардын сертификаттары жана документтери болбосо өндүрүүчүлөргө 100 миң сомго чейин айып пул салынат.

Техникалык регламент күчүнө киргенге чейин сертификат алгандар Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзө алышат. Бирок продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө киргизүү үчүн алар жаңы техникалык регламент боюнча сертификатка ээ болуусу керек.

Эскерте кетсек, ЕАЭБдин алкагында 35 техникалык регламент күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!