​Каражат ЕАЭБдин долбоорлоруна жумшалат

1-Авг. 2017, Шейшемби

Казакстан бөлгөн 100 млн. доллар гранттын биринчи траншы 41 млн. доллар Евразия экономикалык биримдиктеги Кыргызстандын жол картасында каралган долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков маалымат жыйынында бидирди.

Анын айтымында, келген каражат министрликтер менен ведомстволорго бөлүнөт. Каражат алардын керектөөлөрүнө эмес алар көзөмөлдөп жаткан тармактарды каржылоого жумшалат.

“41 млн. доллардын негизги бөлүгү 15,2 млн. доллар Айыл чарба министрлигине, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына 6,8 млн., өрткө каршы кызматы агенттигине 750 миң, дары-дармек менен камсыздоо департаментине 1,9 млн., профлактикалык оорулар департаментине 5,2 млн., Бажы кызматына 3 млн. жана лабораторияларды жабдууга 4,6 млн. доллар бөлүнөт”,-дейт Сазбаков.

Калган 59 млн. доллар Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү кызматтарынын ортосундагы сметалык келишимден кийин бөлүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!