​ЕАЭБ өлкөлөрүндө айлык акы жогорулады

2-Авг. 2017, Шаршемби

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн баардыгында айлык акысы жогорулаган. Бул тууралуу Евразия экономикалык коммисиясы маалымдады.

Бирмдикке кирген өлкөлөрдүн статистика кызматынын айтымына ылайык.

Беларуссияда айлык акы 9,5 пайыз

Россияда 7,12 пайыз

Кыргызстан 5,5 пайыз,

Казакстан 5,1 пайыз,

Армения 1,5 пайыз өскөн.

Орточо айлык акынын көлөмү доллар менен алганда:

Россия 666 доллар,

Казакстан 455 доллар,

Беларуссия 405 доллар,

Армения 387 доллар,

Кыргызстан 209 доллар

Ал эми товар жана кызматтын керектөө баасын кошо эсептегенде реалдуу айлык акы Беларуссияда 2,3 пайызга, Кыргызстанда 3 пайыз, Россияда 2,7 пайызга жогорулаган. Ал эми Казакстанда 2,4 пайызга төмөндөсө, Арменияда өзгөргөн эмес.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!