Акысыз интернет түйүндөрү пайда болот

8-Авг. 2017, Шейшемби

2017-жылдын аягына чейин 45 акысыз Интернет Wi-Fi түйүнүн ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кыргыз Телеком” ишканасынын жектекчиси Нурлан Мадаминов коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда Wi-Fi түйүндөрүн жайгаша турган жерлер такталып жатат, туристтер көп топтолгон, социалдык имараттарда, билим берүү мекемелеринде жана башка жерлерге орнотулат. Акысыз дүйнөлүк желеге кошулуу жарандардын бакубаттулугуна жана билимине таасир этип ошону менен бирге интернет пайдалануучулардын санын арттырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!