“Кыргыз Телеком”: Интернетти арзандатууга жетиштик

8-Авг. 2017, Шейшемби

“Кыргыз Телеком” компаниясы биринчи жарым жылдыктын ичинде сырттан сатып алынган интернеттин баасын сүйлөшүү жолдору аркылуу бир кыйла арзандатууга жетишти. Бул тууралуу “Кыргыз Телеком” ишканасынын жетекчиси Нурлан Мадаминов коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, интернеттин баасы 2016-жылдын августундагы кымбаттоого чейинки тарифинен да төмөндөдү.

“Интернет-трафигин сатып алуу боюнча эки ирэт ачык тендер өткөрүлдү. Тендерге Россиянын, Казакстандан жана Кытайдын ири байланыш операторлору катышты. Тендердин жүрүшүндө эң төмөнкү баада интернет берүүчү аныкталган. Ошону менен бирге интернеттин тышкы каналынын көлөмү жогорулатылды”,-дейт Мадаминов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!