​Жылдын аягына чейин 500 кепилдик берилет

9-Авг. 2017, Шаршемби


“Кепилдик фонду” тарабынан 124 млн. сом өлчөмүндө кепилдик берилди. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Кепилдик фонду” тарбынан жылдын аягына чейин 500 кепилдик берүү пландалып жатат. 7 ай аралыгында 124 млн. сом өлчөмүндө 102 кепилдик берилген. Анын 41 пайызы кайраиштетүү багытына жумшалса, ал эми айыл чарбасына 38, соода-сатыкка 28 кепилдик берилген.

Эскерте кетсек, “Кепилдик фонду” 282 млн. долларга барабар капиталы менен 2016-ылы түзүлгөн.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!