Абакиров: “Евразия жумалыгы” ишкерлик аянтчасы

11-Авг. 2017, Жума

“Евразия жумалыгы” иш чарасынын максаты Евразия экономикалык биримдигинде экономиканы, инвестициялык жана экспорттук потенциалын өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Москва - Астана - Бишкек - Ереван - Минск теле көпүрөсүнүн жүрүшүндө билдирди.

“Евразия жумалыгы” ЕАЭБде ишкерлик үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү шарттарды байланыштарды калыпка сала турган аянтча болуп калат. Ошондой эле глобалдык чакырыктардын шартында биримдиктин экономикалык өнүгүүсүнүн стартегиясынын алдында биргеликте иш алып баруучу аянты боло алат. Аталган форум ЕАЭБдин аймагында интеграциялык процесстердин тереңдешине, экономикага санариптик технологияларды киргизүүгө, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн атаандаштуулугун жогорулатуу жана экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө арналат”,-дейт Абакиров.

Анын айтымында бул форумга Кыргызстандан 10 компания катышат. Алардын негиги максаты байланыштарды бекемдөө жана келечектүү кардар табуу. Алар ишкер-өнөктөш табышы керек.

Эскерте кетсек, “Евразия жумалыгы” форуму ЕАЭБдин мүчөлөрү тарбынан уюштурулуп жыл сайын өтүүчү иш-чара. Бул жылы форум Астана шаарында 24-26-августа өтөт, ал жерде башкы маселе-маалымат технологиялары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!