​КОӨФ: Насыянын пайыздык тутуму төмөндөдү

16-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыянын пайыздык тутумун төмөндөттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кичи жана орто ишкерлик долбоорлору үчүн улуттук валюта менен алынган насыянын пайыздык тутумун 12 пайыздан 10 пайызга төмөндөттү. Чечим 15-августтан тарта күчүнө кирди.

Мындай чечим өлкөдөгү кичи жана чакан ишкерликти колдоо максатында чыгарылды. Ал эми доллар түрүндө алынган насыянын пайыздык тутуму мурдагыдай 5 пайыздык деңгээлинде калтырды.

Аталган фонд ушул учурга чейин 758 долбоорго жалпы суммасы 246 млн. долларга барабар насыя берген. Анын 727си кичи жана чакан ишкерлик үчүн берилген.

Эскерте кетсек, 1 млн. долларга чейинки долбоорлорго коммерциялык өнөктөш банктар аркылуу берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!