Кыргызстан Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу өстү

16-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу 1,8 эсе өстү. Бул тууралуу чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоодо эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйында өкмөт башчы Сооронбай Жээнебеков билидирди.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстан Өзбекстанга минералдык ресурстарды, пахта буласын, унаа өнөр-жай продукцияларын, медициналык буюмдар жана дары-дармектерди импорттоого даяр.

“Өз кезегинде Кыргызстан азык-түлүк жана кайра иштетүүчү товарларды, эт-сүт азыктарын, текстиль жана башка товарларды экспорттого даяр”,-дейт Жээнбеков.

Соода-экономикалык планды ишке ашыруу үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу үчүн жигердүү иштер жазалышы керек. Кыргызстан авто унаа, аба жолу жана темир жолдорунун өнүгүшүнө кызыкдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!