​“Кумтөр” кенинен 8 тонна алтын өндүрүлдү

16-Авг. 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылы “Кумтөр” кенинен жалпы 8 тонна 274,25 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” компаиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы 8 тонна 274,25 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ал эми жылдын экинчи кварталында 4,21 тонна алтын алынган. Баалуу металды сатуудан 168,6 млн. доллар түшкөн. Ал эми салык түрүндө жана Социалдык фондго которуу жана башка милдеттү төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 2,5 млрд. сомду түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!