​Берилген ипотека 1,88 млрд. сомго жетти

18-Авг. 2017, Жума


“Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” тарабынан берилген насыянын жалпы көлөмү 2 млрд. сомго жакындап калды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ушул мезгилге чейин 1 миң 552 бюджеттик жумушчуга 1 млрд. 887 млн. 275,5 миң сомго ипотекалык насыя берген.

Берилген насыянын 41 пайызы билим берүү тармагында эмгектенгендер алган. 20 пайызы болсо саламаттыкты сактоо кызматкерлери 3 пайыз социалдык өнүктүрүү жумушчулар, маданият ишмерлери 2 пайыз, ал эми калган бөлүгүн башка тармактарда иштеген бюджеттик жумушчулар алган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ипотекалык насыя “Жеткиликтүү турак-жай” программасынын алкагында 2016-жылдын мартына бери иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!