​Салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт

25-Авг. 2017, Жума

26-август ишемби күнү өлкөнүн салык кызматтары эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин иш алып барат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чара салык төлөмдөрүн төлөөгө жетишпей калган салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн.

Мындан сырткары банк мекемелеринин кассаларына, төлөм терминалдарына жана мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөсө болот.

Өз учурунда төлөнбөгөн салык үчүн 2 миң сом өлчөмүндө айып пул жана ар бир өтүп кеткен күнгө пайыздык туум төлөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!