ЕАЭБ: Индия менен соода жүгүртүү келечектүү

29-Авг. 2017, Шейшемби

Индия менен соода келишимин түзүү менен Евразия экономикалык биримдигинин ички дүң өндүрүмүнүн келечектүү узак мөөнөттөгү өнүгүүсү 2,7 млрд. долларды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетекчилери жана Индия өлкөсү 2016-жылды аяк ченинде эркин соода жүгүртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.

Ушул жылдын июнь айында Петербург шаарында өткөн экономикалык форумда сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу бирдиктүү билдирүү келишими түзүлгөн.

Эксперттердин анализи боюнча Индия менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода жүгүртүү боюнча келишим түзүлсө кыска мөөнөттөгү убакта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨсүндөгү жалпы өсүү 1,4 млрд. доллар болот. Ал эми узак мөөнттөгү өнүгүүсү 2,7 млрд. долларды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!