​Тигүүчү компаниялар келишим түздү

29-Авг. 2017, Шейшемби

“BGI” (бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDин демилгеси) долбоорунун алкагында Кыргызстандын кийим тигүүчү 5 компаниясы чет өлкөлүк ритейлерлер (чекене соода) менен 1,5 млн. долларлык келишим түздү.

USAIDдин экономиканы өнүктүрүү боюнча өкүлү Пол Хамлиндин айтымында BGI долбоорунун максаты кездеме өндүрүү жана кийим тигүү, туристтик жана курулуш тармагы аркылуу өлкөнүн экономикасын жакшыртуу.

“Биз Кыргызстандын кийим тигүүчү компанияларын өз өндүргөн товарларын Европа жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоосуна колдоо көрсөтөбүз. Биздин долбоордун максаты эл аралык эксперттерди респуликанын баардык аймактарына чакырып, алар өндүрүлгөн товарлар менен таанышып жеринде баа берүүсүнө шарт түзүү”,-дейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!