​438 миң жаранга социалдык төлөмдөр берилди

30-Авг. 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жөлөк пул жана компенсация түрүндө социалдык төлөмдөрдү 438 миңден ашык жаран алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы беш жылда кепилденген минималдуу киреше 370 сомдон 900 сомго чейин өстү. Ал эми ай сайын төлөнүүчү аз камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 705 сомдон 810 сомго жогорулады.

Учурда мамлекеттик жөлөк пул алган жарандардын саны 370 миңге жетет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул алуучулар 283,7 миң адам. Алардын орточо жөлөк пулунун көлөмү 875 сом.

Ал эми ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулар 86,2 миң адам. Алар орточо 2385,8 сом жөлөк пул алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!