​Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тездетилет

6-Сен. 2017, Шаршемби

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси тездетилет. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул маселе тар чөйрөдө каралган жана тараптар түшүнүшүүгө келишкен.

“Буга чейин Андижан-Ош-Иркештам-Кашкар унаа жолун курууну сүйлөшкөнбүз. Бул Кытайга барчу эң кыска жол”,-дейт Мирзиеев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!