​Өзбек ишкерлери Кыргызстан аркылуу ири рынокко чыга алат

6-Сен. 2017, Шаршемби

Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумунун жүрүшүндө Өзбекстандык ишкерлерге Евразия экономикалык биримдмгинин () жана Европа биримдигинин (ЕБ) рыногуна Кыргызстан аркылуу чыгуу сунушталды.

Мындай сунуш Экономика министри Артем Новиков тарабынан айтылды.

Анын айтымында, Кыргызстандын товар алмашуусунда Өзбекстандын үлүшү 4,4 пайызды түзөт. Анын 6,6 пайызы экспорт, 3,6 пайызы импорт.

“Эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки соода-экономикалык карым катнашты мындан арыда чыңдоо керек. Болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып зарыл болгон иш чараларды жүргүзүп соода-инвестициялык жана илимий технологиялык кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүшүбүз зарыл. Эки тараптуу алакаларды чыңдоого мезгил жетти”,-дейт Новиков.

Анын айтымында, Кыргызстан 180 млн. калкы бар ЕАЭБге мүчө, 400 млн. калкы бар ЕБдин рыногуна бажы төлөмүсүз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле Кытайдын рыногуна чыгууда стратегиялык жактан ыңгайлуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!