​Товар алмашууну 500 млн. долларга жеткирет

6-Сен. 2017, Шаршемби

Биринчи жарым жылдыкта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу жогорулаган. Бул тууралуу Соода өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай маалыматты Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумунун жүрүшүндө Кыргызстандын Соода - өнөр-жай палатасынын жетекчиси Марат Шаршекеев маалымдаган.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык мамилелердин өсүүсүнө экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар.

“Ушул жылдын айгына чейин эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 280 млн. долларга жететишин күтүп жатабыз. Биздин палата менен Өзбекстандын палатасы эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы алкаларды чыңдоого көмөктөшүүгө даяр”,-дейт Шаршекеев.

Өзбекстандын Соода-өнөржай палатасынын жетекчиси Адхан Икрамов өз кезегинде Кыргызстандан Өзбекстанга тоокен рудаларын импорттоону, кондитердик азыктарды жана күнүмдүк пайдалануучу техникаларды чыгаруучу, уна дөңгөлөтөрүн кайра иштетүүчү жана тамак аш азыктарын өндүрүүчү биргелешкен ишкана ачууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле кыргызстан менен товар алмашуунун көлөмүн 500 млн. долларга жеткирүү башкы максаттардын бири экенин кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!