​Мигранттар которгон акча ай сайын өсүүдө

6-Сен. 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек мигранттары Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка карганда, Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандардан өлкөгө 1 млрд. 90,3 млн. доллар которулган. Ай сайын акча которуулардын көлөмү жогорулап жатат. Бирок июнь айында жогорулоонун темпи бир аз азайган. Башкача айтканда, июнь айында 2,4 млн. долларга жогорулап 238,8 млн. долларды түзгөн.

Которулган каражаттын 90 пайызы Россиядан которулган.

Ал эми Кыргызстандан сыртка Котрулган каражаттын көлөмү 191,9 млн. долларга жеткен.

Жыйынтыктап айтканда которуудан келген таза акчанын көлөмү 898,4 млн. долларды камтыды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!