Жергиликтүү бюджет 0,5 млрд. сомго көбөйөт

6-Сен. 2017, Шаршемби

2018-жылы жергиликтүү долбоорлордун жалпы көлөмү 20,1 млрд. сом өлчөмүндө болот. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов бюджеттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы жергиликтүү долбоорлордун жалпы көлөмү быйылкы жылга салыштырмалуу 488,2 млн. сомго көптүк кылат.

Келерки жылы жергиликтүү бюджеттин кирешеси 15,8 млрд. сомду түзөт. Бул көрсөткүч үстүбүздөгү жылга салыштырмалуу 1 млрд. 411 млн. сомго көптүк кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!