​Алтын казуу пландан ашык аткарылды

6-Сен. 2017, Шаршемби

Солтон-Сары кенинде алтын казуу пландан ашык аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында Солтон-Сары алтын кенинде 21,08 кг алтын казылып алынган, план боюнча 17,4 кг алтын алыныш керек болчу. Башкача айтканда алтын болжолдуу көрсөткүчтөрдөн 20,7 пайызга ашкан. 2016-жылга салыштырмалуу Солтон-Сары кенинде өндүрүштүн көлөмү 12 кг өскөн.

Мындай көрсөткүчкө жетүү июнда айына 6 кг алтын казуу мүмкүндүгүн берген экинчи линиянын ачылышы менен жетишилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!