​Польша өкмөтү берген насыя пайдаланыла элек

7-Сен. 2017, Бейшемби

Польша өкмөтү тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн 40 млн. евро насыя азыркыга чейин пайдаланыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бөлүнгөн насыя боюнча маселелер аягына чыга элек.

“Польша өкмөтү тарабынан насыя түрүндө берилген 40 млн. евро ушул кезге чейин пайдаланыла элек. Насыя техникаларды алуу үчүн 2014-жылы берилген, аталган каражат парламент тарабынан ратификацияланган болчу. Эгерде өкмөт бул иштерди тездеткенде фермерлер керектүү техникаларды алып калышмак”,-дейт Бакиров.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!