“РусГидро” Кыргызстанды сотко берет

7-Сен. 2017, Бейшемби

Россиянын “РусГидро” компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, “РусГидро” компаниясынын жетекчиси Николай Шульгинов эл аралык арбитраж боюнча консультант издей баштаган.

Эскерте кетсек, 2012-жылы Кыргызстан жана Россия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, “РусГидро” компаниясы Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын курмак. Иштер үзгүлтүккө учурагандыктан, 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган.

Кыргызстан ал жерде жумушчулардын жатаканасынан башка эч нерсе курула электигин жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Ал эми Россия буга макул эместигин билдирип, Кыргызстан 37 млн. доллар карыз экенин айтып келет.

Ал эми үстүбүздөгү жылы июль айында Кыргызстан Чехиянын “Liglass Trading CZ” компаниясы менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Чех компаниясы кеткен бул чыгымдарды Россия тарапка төлөп берүүгө макул болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!