Ички-тышкы карыз дагы жогорулады

7-Сен. 2017, Бейшемби, 19:03

Июль айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички-тышкы карызы өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айдын ичинде 40,9 млн. долларга өстү. Июль айынын жыйынтыгы менен өлкөнүн жалпы карызы 4 млрд. 286 млн. долларга жетти. Сом менен алганда 294 млрд. 238,7 млн. сомго жетет.

Июнь айынын жыйынтыгы боюнча карыздын көлөмү 4 млрд. 245,9 млн долларды түзсө, анын 3 млрд. 871.6 млн. доллары тышкы карыз болгон. Ал эми ички бөлүгү 374 млн. долларды камтыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!