Көгүлтүр отундун баасы өзгөрдү

8-Сен. 2017, Жума, 09:53

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын билдиргение караганда сентябрь айына карата калк үчүн жаратылыш газынын 1 куб метрине болгон баа 14,39 сомду түздү. Ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык мекемелер жана бюджеттик уюмдар жаратылыш газына 17,64 сомдон төлөйт.

Белгилүү болгондой аталган компания келишимге ылайык ар бир айдын башында Улуттук банк тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша газга болгон тарифти өзгөртүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!