​Россиядан келген туристердин саны өскөн

8-Сен. 2017, Жума, 17:13

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга келген россиялык туристердин агымы 10 пайызга өскөн. Бул тууралуу Россиянын туристик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Россиядан чет өлкөгө саякатка чыккан туристердин жалпы саны 17 млн. жеткен. Анын ичинен Кыргызстанга келүүнү каалаган туристердин саны 116 миңге өскөн же 10 пайызга жогорулаган.

Белгилүү болгондой россиялык туристер саякатка чыгууну калагандардын саны боюнча Кыргызстан 31-орунду алган.

Россиялык саякаттоочулар КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанга көп барган. Алардын саны 1 млн. 275 миңди түзгөн. Азербайжанга 325 миң, Арменияга 171 миң жана Грузияга 383 миң россиялык турист эс алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!