Кумтөр: экологиялык төлөм 10 эсеге көбөйтүлөт

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:05

Кумтөр кенинин айланасындагы экология үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөм 10 эсеге жогорулатылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков “Kumtor Gold Company” компаниясынын иши менен таанышуу учурунда билдирди.

“Биринчи кезекте өкмөт кендин айланасындагы экологиялык маселелерди жоюуга кызыкдар. Экология үчүн жыл сайын төлөнүүчү төлөмдү 10 эсеге башкача айтканда 310 миң доллардан 3 млн. долларга чейин жогорулатуу боюнча сүйлөштүк. Бул каражат Ысык-Көл областынын экологиялык көйгөйлөрүнө жана Ысык-Көл областы үчүн жумшалат”,- дейт Исаков.

Ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилиги онкологиялык борбор үчүн 10 млн. долларга заманбап үлгүдөгү аппарат алып берерин билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!