​Исаков: «Centerra Gold Inc.» 50 млн. доллар бөлөт

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:19


Кумтөр кенин рекультивациялоо фондундагы 23 млн. долларлык каражат Кыргызстандын экономкасына иштейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков “Kumtor Gold Company” компаниясынын иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр кенин рекультивациялоо фондундагы азыркы таптагы 23 млн. долларлык каражатты чет өлкөлүк юридикциядан Кыргызстандын юридикциясына которуу боюнча келишимге жетишилди.

Рекультивациялоо иштери үчүн керек болгонго чейин “Кумтөр кенин рекультивациялоо фондундагы” Кырызстандын экономикасы үчүн иштейт. Бул каражат жакынкы 8-9 жылда 70 млн. долларга чейин көбөйөт. Ошону менен бирге эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы 50 млн. доллар бөлүү боюнча келишимге келдик. Өкмөттүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көл областындагы көлдүн айланасында жайгашкан айыл, шаарларында таазалоочу системаларды курууга жумшалат. Бул иштер этап этабы менен жүргүзүлөт. Тазалоочу системаларды куруу кенге жакын жайгашкан калктуу конуштарда жүргүзүлөт. Ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы тазалоочу курулуштарды курууга 50 млн. доллар бөлөт”,-дейт Исаков.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!