ЕАЭБ менен болгон сооданын көлөмү өстү

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:26

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон сооданын көлөмү 14 пайызга жогорулап, 1 млрд. долларды камсыз кылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистикалар жана улуттук эсеп башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенгулова билдирди.

“Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон эки тараптуу соода алмашууларынын көлөмү 1 млрд. 301,7 млн. долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,7 пайызга өскөн. Анын ичинен экспорт 32,7 пайыз, ал эми импорт 9,8 пайызды камсыздаган”,-дейт Исенгулова.

Анын айтымында, ЕАЭБ менен болгон соода-сатыктын негизги үлүшүн Россия (60,2 пайыз) жана Казакстан (38,1 пайыз) менен болгон соода алкалары түзгөн.

Россияга негизинен эркектердин кийими, пияз менен сарымсак, кургатылган жемиш, сабиз, өрүк жана унаалардын айрым бөлүктөрүн жөнөтүү көбөйгөн. Ал эми Россиядан Кыргызстанга келген эт жана үй канатуулардын азыктары, дөңгөлөк, кондитер азыктарынын көлөмү өсүп, суу майдын көлөмү азайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!