​Инфляциянын деңгэли 1,5 пайыз болду

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:53

Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 1,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистикалар жана улуттук эсеп башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенгулова билдирди.

“Жыл башынан бери керектөөчү сектордо инфляциянын деңгээли 1,5 пайызды түздү. Чылымдын баасы жана чылым өндүрүшүндө тарифтердин өсүүсүнүн эң жогорку көрсөткүчүн түзгөн же 19,3 пайызды камсыздаган. Байланыш кызматын көрсөтүү 6 пайызды түзгөн. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 1,3 пайызга кымбаттаган. Ошону менен бирге өткөн жылдын декабрынан бул жылдын август айына чейинки аралыкта азык-түлүк эмес товарлардын наркы 0,5 пайызга жана алкоголдуу ичимдиктердин баасы 3,9 пайызга арзандагандыгы байкалды”,-дейт Исенгулова.

Ал эми аймактарда болсо керектөөчүлүк баа менен тарифтин жогорулоосунун эң жогорку көрсөткүчү Ош областында болуп, 5,8 пайызды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!