​Сырткы соода 3,3 млрд. долларга жетти

12-Сен. 2017, Шейшемби, 13:43

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сырткы товар жүгүртүүсү 3 млрд. 340,6 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистикалар жана улуттук эсеп башкармалыгынын жетекчиси Элвира Исенгулова билдирди.

“2017-жылдын 7 айындагы сырткы товар алмашуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,4 пайызга жогорулап 3 млрд. 340,6 млн. долларды түздү. Биринчи жарым жылдыкта экспорт 27,1 пайызга өсүп 950,5 млн. долларды түзгөн. Ал эми импорт 8,7 пайызга жогорулап, жалпы көлөмү 2 млрд. 390,1 млн. долларды камсыздаган”,-дейт Исенгулова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!