​Бюджеттин кирешеси 73,2 млрд. сомду түздү

13-Сен. 2017, Шаршемби, 13:15

2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси 73 млрд. 251,5 млн. сомду түздү. Башкача айтканда план 100 пайызга аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“Өткөн жылдын ушул мезглине салыштырмалуу өлкө бюджети 10 млрд. 526,1 млн. сомго жогорулаган. Салык боюнча түшүүлөр 56 млрд. 688,8 млн. сом болгон. план 99,9 пайызга аткарылган. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан 35 млрд. 744,7 млн. сом түшкөн. Ошондой эле Бажы кызматынан 20 млрд. 944,1 млн. сомго жетип палан толук аткарылган. Ал эми акчалай киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд. 198,1 млн. сомго жогорулаган. Взнос жана социалдык төлөмдөн бюджетке 1 млрд. 678,1 млн. сомду камтып план 123,6 пайызга аткарылган”,-дейт Касымалиев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!