​Россия менен мунай боюнча келишим өзгөртүлөт

13-Сен. 2017, Шаршемби, 13:58

Россия менен Кыргызстан мунай продуктыларды жеткирүү боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, Москва шаарында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Кубан Мырзаканов Россиянын энергетика министринин орун басары А.Яновский менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда керектелүүчү мунайдын түрү, көлөмү жана 2017-2018-жылга мунай продуктылары боюнча маселелер талкууланып пикирлер алмашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Россия менен Кыргызстан мунай продуктыларды жеткирүү боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өкмөт аралык протоколго кол коюлду. Аталган протокол мунайды жеткирүүнү жеңилдетет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!