Жылытуу мезгили үчүн 3 млрд. сом каралган

13-Сен. 2017, Шаршемби, 14:38

Сегиз айдын жыйынтыгы менен өлкө бюджетинен күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн 2 млрд. 120.7 млн сом багытталган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн бюджеттен 3 млрд. 41,7 млн. каралган. Учурда бул сумманын 70 пайызы жумшалды. План боюнча 1-сентябрга карата 2,7 пайызга көбүрөөк керектөө каралган.

Жумшала турган каражаттын 1 млрд. 141,2 млн. сому жылуулук энергиясын субсидирлөөгө багытталган. Ал эми коммуналдык кызматтарга 834,8 млн. сом керектелген. Ошондой эле тоолуу аймактарда жашаган калктын электр энергиясын компенсациялоого 118,5 млн. сом, көмүр жана башка отунга кете турган чыгымга 26,2 млн. сом жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!