Көмүр кени сатыкка коюлду

14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:01

“Тегене” көмүр кени кайрадан сатыкка коюлду. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, аталган көмүр кенин иштетүү укугу үчүн кайрадан конкрус жарыяланды. Конкрус комиссиясы кен иштетүү укугун 3,2 млн. доллардан жогору баалаган.

Каалоочулар керектүү документтерди 2017-жылдын 2-октябрына чейин комитетке тапшырышы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!