​Liglass Trading: ишти аягына чыгарат

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 15:26

Liglass Trading компаниясы башталган ишти аягына чыгарат. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Михаил Смелик билдирди.

Анын айтымында, алар кайра сүйлөшүүгө чакырылгандыктан келген.

“Биз долбоорду ишке ашырууга жана башталган ишти аягына чыгаруу даярбыз. Биздин иштер токтоп калган жок. Учурда инжинерлер менен сүйлөшүп офис курууга даярданып жатабыз. Кыргызстандагы айрым саясатчылар чындык кайда экенин билишпейт. Келишим түзүлгөндөн баштап эле компанияны аңдыгандар көбөйдү”,-дейт Смелик.

Ошондой эле аталган компаниянын өкүлдөрү күмөн жаратып жаткандар боюнча төлөм чектери көрсөттү.

“Биз кепилдик взносту төлөдүк, көчүрмөсүн алдык. Бул ачык эл аралык тендер болгон. Биз Кыргызстандын мыйзамдары менен келдик. Мыйзамсыз бир да иш кылган жокбуз”,-деп кошумчалап кетти Смелик.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!