​“Камбар-Ата-1” ГЭСине инвесторлор кызыгууда

19-Сен. 2017, Шейшемби, 14:29

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга жасаган сапарынан кийин “Камбар-Ата-1” ГЭСине кызыгуу артууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга ири компаниялар кызыгып жатышат. Мында Өзбекстан дагы инвестор катары катышууга даяр”, - дейт Зилалиев.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиеев Бишкектеги расмий сапарында Кыргызстан менен Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин чогуу курарын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!