​Дүйнө: мунайдын баасы төмөндөдү

​Дүйнө: мунайдын баасы төмөндөдү
20-Сен. 2017, Шаршемби, 09:46

Кечээги күндүн жыйынтыгы менен дүйнөлүк алдыңкы мунай биржаларындагы соодалашуунун жыйынтыгы боюнча мунай баасы төмөндөдү. Бул тууралуу маалыматтар Лондондун жана Нью-Йорктун чийки зат биржаларынын сайттарында жарыяланган.

Келээрки айга карата (жеткизүү) мунай фьючерстеринин орточо баасы Лондон биржасында бир баррель мунайдын баасы 0,76 долларга төмөндөп, 55,14 долларды түздү.

Ал эми New York Mercantile Exchange биржасында мунайдын баасы 0,43 долларга төмөндөп 49,48 долларга бааланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!