Өкмөт: Чакан ГЭСтерден энергия алуу пайдасыз

Өкмөт: Чакан ГЭСтерден энергия алуу пайдасыз
21-Сен. 2017, Бейшемби, 16:50

Чакан ГЭСтерден электр энергия сатып алуу мамлекет үчүн пайдасыз. Бул тууралуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңшменин учурунда өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Кийин сүйлөшүүгө жана эмне болуп жатканын түшүнүү үчүн чакан ГЭСтер боюнча чындыкты айткан жакшы. Эгер чакан ГЭСтерге жапырт конкрус жарыялсак банкротко учурап калабыз. Биз талаптарды кайрадан карап чыгышыбыз керек. Чакан ГЭСтерден электр-энергиясын сатып алуу мамлекет үчүн канчалык үзүрлүү болоорун түшүнүү керек. Мыйзамда каралган баа менен сатып алуу мамлекетке пайдасыз. Маселени чечүүнүн үстүндө иштеш керек. Мамлекетке да ишкердикке да пайдалуу болгондой жол табышыбыз зарыл. Андай болбогон күндө эч нерсе курулбайт”,-дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!