​Өкмөт: ИДӨнүн үлүшү 5 миң долларды түзүш керек

22-Сен. 2017, Жума, 15:03

2040-жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн ар бир жаранга болгон үлүшү 5 миң долларды түзүшү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңешменин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ушундай максаттар коюлган. Ошондой эле ишкердик үчүн шарттарды жакшыртуу өкмөт үчүн башкы маселе.

“Бул маселе өнүктүрүү программасына киргизилген жана орто жана узак мөөнөттөгү келечектин башкы фактору болот. Өкмөт иштин жүрүшүн көзөмөлгө алат. Долбоорлорду аягына чыгаруу зарыл”,-дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!