​ЕАЭБ: канаттуунун этин өндүрүү 27 пайызга өстү

22-Сен. 2017, Жума, 17:28

Евразия экономикалык комиссия (ЕЭК) Евразия экономикалык биримдигинин алкагында канаттуу өстүрүүнү туруктуу өнүктүрүү боюнча демилгенин үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, заманбап өндүрүш техникаларды колдонуу менен канатуулардын этин өндүрүү 2012-2016-жылдары 27 пайызга өстү. Биримдиктеги өлкөлөрдүн ичинде канаттуулардын эти менен камсыз болуусу 96 пайызга жеткен.

Куш этин өндүрүү келечектүү жана тез өнүгүп жаткан тармак. 2016-жылы биримдиктин алкагында канатуунун этин колдонуу жалпы 5,5 млн. тоннага жеткен. Ал эми 5,3 млн. тонна өндүрүлгөн.

Ошондой эле 81,2 миң тонна экспорттолуп, 311,7 миң тонна импорттолгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!