​ЕАЭБ – Вьетнам: товар алмашуу 11,8 пайызга өстү

26-Сен. 2017, Шейшемби, 10:13

Эркин соода аймагы боюнча келишим түзүлгөндөн кийинки 8 айда Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнамдын ортосундагы товар айлантуу 11,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биримдиктен Вьетнамга жөнөтүлгөн азык-түлүк, айыл чарба продукциялары, металл жана металлдан жазалган буюмдардын көлөмү жогорулаган. Вьетнам менен болгон товар алмашуу Казакстанда 2 эсе өскөндүгү байкалган. Беларусиянын үлүшү 23,3, Россияныкы 5,5 пайызга көбөйгөн.

Эскерте кетсек, ЕАЭб менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода аймагы боюнча келишим 2016-жылдын октябрында күчүнө кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!