​Өкмөт: Түндүк-Түштүк жолу идеологиялык долбоор

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:33

Өкмөт башчы Сапар Исаков Нарын областына жасаган иш сапарынын алкагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштери менен таанышты.

“Өкмөт Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун аягына чыгарат. Буюрса, бардыгы план менен бара жатат, альтернативдик жолду бүтүрөбүз. Биринчи, экинчи, үчүнчү фазасы каржыланган. Болгону 60 км жол калыптыр аны дагы каржылайбыз. Бул жол экономикалык гана эмес идеологиялык долбоор. Жолдун курулушу менен эл түндүк-түштүк деген түшүнүктөн кутулуп, кыз беришип, кыз алышып жакындашуу жакышырат”,-деди Исаков.

Эскерте кетсек, жолдун курулушу 2014-жылы башталып, ал 2018-жылы пайдаланууга берилмек. Бирок, курулуш иштериндеги кошумча жумуштардын чыгышына байланыштуу 2021-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Жолдун курулуш иштерине жалпы 850 млн. доллар жумшалмак. Бирок, иштин жүрүшүндөгү кошумча жумуштар менен долбоордун учурдагы баасы 934 млн. долларга чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!