​Бюджеттин кирешеси 85,3 млрд. сомду камтыды

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:41

Републикалык бюджеттин 9 айдын жыйынтыгы боюнча кирешеси 85 млрд. 346 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министриги билдирди.

Маалыматка караганда, бюджеттин азыркы кездеги кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд. 756,8 млн. сомго жогору болгон.

Расмий маалыматтарага ылайык кирешенин 76 пайызын ( 64,88 млрд. сом) салык жыйымдары түзгөн. Анын ичинен Салык кызматы тарабынан 40,5 млрд. сом, ал эми Бажы кызматынан 24,3 млрд сом түшкөн.

Ошондой эле салык эмес түшүүлөрдүн үлүшү 14,2 млрд. сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!