​Кыргызстан-Өзбекстан 200 млн. долларлык келишим түздү

10-Окт. 2017, Шейшемби, 09:16

Ташкент шаарында болуп өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес-форумунун алкагында 200 млн. доллардан көбүрөөк суммага продукция жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки тарап биргеликте автобус чогултуу, айыл чарба техникаларын чыгаруу, кир жуугуч машиналарын чогултуу, дилердик борборлоду уюштуруу, кабель продукцияларын жеткирүү, Ош шаарында Соода-көңүл ачуу борборун куруу жана Кыргызстандын аймагына “Артель” техникалык мектебинин филиалын ачуу боюнча келишимге кол коюлду.

Мындан сырткары авто унаа чыгаруучу фирмалардын жана эки өлкөнүн зергерлер биримдигинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Өзбекстанга дөңгөлөк, суу, жез, өсүмдүк майы, табигый таш жана травертин жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!